Ирандын президенти Трампка жооп берди

0

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ирандын лидери Али Хаменеинин ядролук программа боюнча айткандарына шилтеме жасап: «Элдин лидери, саясатчылар сыяктуу эле, бизде ядролук курал болбойт деп чын айтууда» деди.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматы боюнча, Пезешкиан Мазандаран провинциясынын пландоо жана өнүктүрүү кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

АКШнын президенти Дональд Трамптын «Иран өзүндө ядролук курал болбойт деп жарыялашы керек» деген билдирүүсүнө байланыштуу Пезешкиан: «Биз муну бир нече жолу айттык», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз