ӨКМде да кадрдык өзгөрүүлөр болду

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Ведомстводон билдиришкендей, министрликтин алдындагы айрым мекемелердин жетекчилери кызматтан бошотулду.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Карагулов Салмоорбек Айтбекович жана Гидрометеорологиялык кызматынын директору Алмаматов Тимур Өмүрбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми Маматкаимов Акматбек Абибилаевич өзгөчө кырдаалдар министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз