Израил жана АКШ Иранга каршы аскердик операция башташты.
Иранга кол салуу Израил жана АКШ тарабынан жүргүзүлүп жатат, деп билдирет The Wall Street Journal.
«АКШ жана Израил ишемби күнү Иранга сокку урганын билдиришти. Бул биргелешкен операция дүйнөнүн экономикалык жактан эң маанилүү аймактарынын биринде ишке ашууда. Операция кеңири аймактык жаңжалга алып кетиши мүмкүн. Кырдаал менен тааныш булактардын айтымында АКШ жана Израиль, бир нече күн бою интенсивдүү сокку урууну пландап жатышат», — деп жазат басылма.
Израилдин коргоо министри Израил Кац 28-февраль күнү эртең менен Израилдин соккусу тууралуу жарыялап, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, чогулуштарга, мектептерге жана кеңсе иштерине тыюу салды.
АКШнын расмий өкүлдөрү бул чабуул Вашингтондун 2025-жылдын июнь айында Ирандын өзөктүк жайларына жасаган соккусунан да кеңири болот деп күтүшөрүн билдиришти. Ирандын Жогорку лидери Ал эми Reuters: “Али Хаменеи Тегеранда эмес, ал коопсуз жерге көчүрүлдү” — деп билдирди
Аба жана деңиз операцияларынын масштабы азырынча белгисиз. Иран Израилдин чабуулуна жооп катары күчтүү сокку урууга даярданып жатканын Reuters агенттигине аты аталбаган ирандык расмий өкүл билдирди.
