Ирандыктар Али Хаменеи каза болгон соң митингге чыгышты

0

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин каза болгондугу тууралуу кабардан кийин Ирандын көптөгөн жерлеринде демонстрациялар өттү.

Иран маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, жүздөгөн жарандар көчөлөргө Ирандын желектерин жана Хаменеинин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан.

Тегеранда демонстранттар Революция аянтында жана Кумдагы Фатима Масуме ыйык жайында чогулуп, АКШ менен Израилге каршы ураандарды кыйкырышты.

Ошол эле учурда Мешхеддеги Имам Реза ыйык жайынын күмбөзүндө кара желек көтөрүлдү.

Ыйык жайга чогулган ирандыктар Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу көз жашын төгүштү.

Мурда Ирандын мамлекеттик телеканалы Ирандын лидери аятолла Али Хаменеинин кечээ АКШ менен Израил тарабынан жасалган чабуулда каза болгондугун билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз