Иранда Кыргызстандан канча киши бар экени белгилүү болду

0

Иранда 100 кыргыз жараны бар, бирок алардын көбү кош жарандуулук алгандар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Ал белгилегендей, жарандардын көпчүлүк бөлүгүн аталган өлкөгө турмушка чыккан аялдар түзөт.

«Алардан эвакуациялоо боюнча билдирүүлөр түшкөн жок. Бирок арасынан 11 жаран даярдыкта турат. Керектүү учурда аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө даярбыз. Консул аталган жарандар менен ар дайым байланышта”, — деп билдирди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз