Өкмөт: Жакынкы Чыгыштагы жарандарды эвакуациялоо маселеси карала элек

0

Учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо маселеси карала элек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, азырынча кооптонууга негиз жок, абал аймактагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн көзөмөлүндө.

“Эгер кырдаал узакка созулса, албетте, тиешелүү чараларды көрүп, эвакуация маселесин карайбыз. Даярдык иштери жүргүзүлгөн, баары даяр десек болот”,-деди ал

ТИМ өкүлү белгилегендей, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктар зарыл учурларда консулдук кызматтар менен байланышып жатышат жана маселелер ыкчам тартипте чечилүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, чет өлкөлөрдөгү жарандар менен туруктуу байланыш сакталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз