Алардын 600ү жаракат алды. 2018-жылдын 9 –август айынан баштап Йемендеги согуштун айынан үч жүздѳн ашык бала каза болду. Бул Oxfam эл аралык гумманитардык уюмунун маалыматында жарыяланды.
Маалыматта, балдар ар кандай кол салуулардын, аба соккуларынан, ок атышуулардан, жардыруулардан каза болгону айтылат. Анда баса белгиленгендей, 600 ѳспүрүм жарадар болгон.
«Бир жыл ичинде, дээрлик күн сайын бир бала өлүп, жана зордук-зомбулук, ачарчылык, жугуштуу оору менен бирге, йемендиктер үчүн күн сайын коркунуч бойдон калууда»,- деди Oxfam уюмунун Йемендеги жетекчиси Мухсин Сиддики.
Ошондой эле ала эки тарапты токтоосуздан макулдашууга чакырып, кандуу согушту токтотууну баса белгиледи.
Йеменде 2014-жылдан бери куралдуу чыр-чатакты улануда, бир жагынан, Йемендин кулатылган президенттин Али Абдуллах Салихтин шииттик кыймылынын «Ансарулла» колдоочулары, экинчи жагынан — азыркы Президент Aбдураббу Мансур Хади менен өкмөттүк күчтөр. Бу конфликтин кесепетинен үч миллионго жакын адамдар кѳчүп кетүүгѳ мажбур болушту.