Суббота, 23 ноября

Ѳлкѳ башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынын ѳткѳрдү

0

8-августа Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын ѳткѳрдү. Бул тууралуу маалымат булактары жарыялады. Жыйын ММКалардын катышуусуз ѳткѳрүлдү.

Коопсуздук кеңеште ѳлкѳ башчы мурдакы президенттин Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөнүн баса белгиледи.

Андан тышкары мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды. 

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгѳн. Бирок ал өтөсүнө чыкпай калган.

Маалыматта Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат. Бирок алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөткөн. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштурулган.

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлеринин бири ок жеп, ооруканада каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз