Вторник, 21 мая

Мурдагы президенттин үйү курчоого алынды

0

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталды. Бул тууралуу маалымат булактарда жарыяланды. Кой-Ташта кулак тундуруучу, жаш агызуучу каражат колдонула башталганы кабарланды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кайрадан абал өзгөрдү.

Короодо чогулуп турган Атамбаевдин тарапкерлери каршылык көрсөтүүдө.

Ага чейин алар колуна таяк, таш алып даярданып турганы, Кой-Ташка Бишкектен көп сандагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жөнөгөнү кабарланган.

Күч түзүмдөрү расмий комментарий бере элек.

Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. 

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир жоокер каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз