Парламентинин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулушту.
ЖКнын чукул жыйынга катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков да келди. Парламенттин алдында сүйлөп жатып президент Жээнбеков Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырыла турганын айтты:
«Кечээкиге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Бул — эки адамдын тиреши эмес, бул – мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин тиреши», -деди.
Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын, ыкчам чара көрүлөрүн кошумчалады. Андан тышкары,
Кезексиз сессияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев маалымат берди. Ал Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы Жазык кодексинин негизинде жүргүзүлгөнүн маалымдады:
— Атайын кызматтын кызматкерлери аскердик эмес курал менен операция жүргүзүштү. Атамбаевдин тарапташтары куралдуу каршылык көрсөтүштү. Бул мыйзамсыз. Атамбаев тараптан снайпер аркылуу ок атуу болду. Бул куралдан биздин алты кызматкер жабыркады. Барымтадагы кызматкерлерди шылдыңдашты. Атамбаевдин өкүлдөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков менен сүйлөшүп, балдарды бошотууга убада берилген.
Опумбаев атууга уруксат бербегени үчүн өкүнүп жатканын айтты.Ошондой эле, Орозбек Опумбаев Кой-Таштагы окуялардан кийин кызматтан кетүү ниетин президент Сооронбай Жээнбековго билдиргенин кабарлады.
Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуядан кийин бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кызматтан кетиши керектигин айтып чыгышты. Бул маселени «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, депутат Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев көтөрдү.
Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мунун алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.
