Суббота, 28 марта

Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт — Тизме

0

19-мартта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
  • Темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский туюк көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Суу «Көк-Жар» суу топтомосундагы пландык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз