БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш өлкөлөрдү мусулмандарга каршы күчөп бараткан жек көрүү толкунун жок кылуу үчүн “биргелешип иштөөгө” чакырды.
«Уюмдун башчысы «Исламофобияга каршы эл аралык күнгө» арналган иш-чарада сүйлөп жатып, «коркуу жана четтетүү жөнүндөгү баяндарды» четке кагуу зарылдыгын белгиледи», — деп билдирди БУУнун басма сөз кызматы.
Антонио Гутерриш уланып жаткан кагылышуулардын жана туруксуздуктун шартында «дүйнө жүзү боюнча миллиондогон мусулмандар бул азапты сезип жатышат» деди. «Теңдикке, адам укуктарына жана ар бир адамдын кадыр-баркына бардык жерде берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайлы», — деди ал.
Башкы катчы азчылык болгон өлкөлөрдө жашаган көптөгөн мусулмандар күнүмдүк жашоосунда институттук дискриминациянын, социалдык-экономикалык маргинализациянын жана негизсиз көзөмөлдүн ар кандай формаларына туш болуп жатканын эскертти.
