Вторник, 26 мая

Бүгүн Нарында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленет

0

Бүгүн Нарын шаарында Нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Майрамдык иш-чаралар саат Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында 11:00дө башталып, ага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Салтанаттын алкагында келген конокторго өзгөчө пролог жана театралдаштырылган көрүнүштөр тосуп алат. Расмий бөлүктө өлкө башчысынын куттуктоо сөзү, андан соң кеңири концерттик программа тартууланат.

«Сахнада Кыргызстандын белгилүү ырчылары, чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өнөр көрсөтүп, элдик жана эстрадалык чыгармалар жаңырып, майрамдын шаңын арттырат. Мындан тышкары, 120 адамдан турган “Шаттык” бий ансамбли, 50 добулбасчы жана массовка катышкан масштабдуу көркөм көрсөтүүлөр уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Ошентип, бүгүн Нарын шаары өзгөчө майрамдык маанайга бөлөнүп, улуттук салт-санаа, ыр-күү жана маданий баалуулуктар кеңири даңазаланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз