Ташкент облусунун Бөкө районундагы Чавлисай айылында Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди. Бул тууралуу Ташкент облусундагы Кыргыз маданий борборунун төрагасы Хамит Аширметов билдирди.
Анын айтымында, быйыл Өзбекстанда Нооруз майрамы «Ноорузду даңазалоо — адамды даңазалоо» деген ураан алдында өтүүдө. Чавлисай айылында 5 миңге жакын кыргыз жашап, алардын балдары №34 кыргыз орто мектебинде билим алышат.
«Быйыл Нооруздун Орозо айт менен туш келиши майрамга өзгөчө шаң берди. Майрам учурунда боорукердик, кайрымдуулук жана адамгерчилик баалуулуктары даңазаланды», – деди Аширметов.
Майрамдык иш-чарада №34 мектептин окуучулары концерттик программа тартуулап, Манас эпосунан үзүндүлөр аткарылды, кыргыз жана өзбек ыр-бийлери көрсөтүлдү. Ошондой эле «Жашыл мейкиндик» демилгесинин алкагында айыл аймагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.
