Воскресенье, 29 марта

Ирандагы дипломаттарыбыздын коопсуздугу камсыз кылынат

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди.

Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен, мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине Ирандагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз