Суббота, 28 марта

Иран: Ормуз кысыгына мина төшөйбүз

0

Ирандын Коргоо Кеңеши Ирандын жээктерине же аралдарына кол салуу болсо Перс булуңундагы кеме жолдоруна мина төшөй турганын билдирди.

Кеңештин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө: «Душмандын Ирандын деңиз жээктерине же аралдарына кол салуу аракети Перс булуңундагы бардык кеме жолдорун ар кандай деңиз миналары менен миналоого алып келет», — деп айтылат.

Мындай учурда Перс булуңу Ормуз кысыгындагыдай эле узак мөөнөткө кеме ташууга катуу чектөөлөргө туш болушу мүмкүн экени белгиленет.

Ошол эле учурда, Иранга кол салууну колдобогон өлкөлөрдүн кемелери Ормуз кысыгынан өтүү үчүн өз аракеттерин Иран менен координациялашы керек деп эскертти Ислам Республикасынын Коргоо Кеңеши.

Андан тышкары, Израилдин өзөктүк жайлары жайгашкан Димона шаарына Ирандын аба соккусу Натанц өзөктүк жайына кол салууга жооп болгону айтыды.

7-мартта Axios журналында жарыяланган макаласында израилдик журналист Барак Равид аты аталбаган булактарга шилтеме берип, АКШнын бийлиги Перс булуңунун түндүгүндөгү Ирандын негизги мунай терминалы болгон Харг аралын басып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз