Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алгачкы жаштар Дельфий оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан бул оюндарга 2002-жылдан бери катышып келе жатканын эске салды.
«2022-жылга чейин биз жөн гана катышуучу элек, балдарыбыз эл аралык оюндарга катышып, өздөрүнүн талантын көрсөтүп, жеңиштерге жетишкен. Ал эми 2022-жылдан баштап оюндарды Бишкек шаарында өткөрө баштадык», – деди ал.
Анын айтымында, 2023-жылы Балдардын алгачкы Дельфий оюндары жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Бул оюндардын деңгээли өлкөлүк масштабда болгону менен, муниципалитет биринчи жолу аны өзү каржылап, уюштуруп жатат.
«Белгилей кетүүчү негизги багыт – бул инклюзивдүүлүк, бизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар бул сынакка катышып, өз таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондуктан, менимче, бул шаардын маданий турмушундагы чоң окуя. Эл аралык деңгээлде мындай маданий иш-чараларды өткөрүү биздин өлкөнүн жана борборубуздун өсүү деңгээлин көрсөтөт», – деп баса белгиледи ал.
Мэр бүгүнкү күндө 300 эл аралык катышуучу, Кыргызстандан 400 катышуучу болуп, жалпы саны 700гө жеткенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, программага сегиз конкурстук номинация киргизилген: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик чеберчилик, элдик аспаптар жана жасалгалоо-колдонмо искусствосу.
