Филиппинде дүйнөдө биринчилерден болуп энергия ресурстарынын тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу CNN телеканалына таянып, Интерфакс кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн тышкы иштер министри Мария Тереза Ласаро билдиргендей, учурдагы мунай запастары 40–45 күнгө гана жетет. Ал ошондой эле АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу глобалдык энергетикалык рынокто «домино эффектисин» жаратып, баалардын кескин өсүшүнө алып келерин белгиледи.
Буга байланыштуу өкмөт энергияны үнөмдөө чараларын киргизди. Аларга транспорт чыгымдарын кыскартуу, күйүүчү майды субсидиялоо жана мунай продуктуларын жеткирүүдөгү спекуляцияга каршы чаралар кирет.
Эксперттер бул кырдаал дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
