Вторник, 26 мая

Ысык-Көлдө Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылды

0

29-мартта Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун базасында Салттуу кол өнөрчүлүк борбору салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгынын алкагында ЮНЕСКОнун алдындагы ICHCAP уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Ал салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, маданий туризмди илгерилетүү жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо максатын көздөйт.

Жаңы борбор мастер-класс, көргөзмө жана окутуу программаларын өткөрүүгө ылайыкталган. Долбоордун алкагында музей жаңыланып, инфраструктурасы жакшыртылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз