Вторник, 26 мая

Иран кризиси. Күйүүчү майдын баасы өсүүдө

0

Күйүүчү майга болгон баа күндөн-күнгө өсүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, ташылып келген майлардын дүң баасы жогору болууда.

«Заводдордогу дүң баалар күн сайын жогорулап жатат. Мындан улам күндөн-күнгө баалар өсүүдө. Бул канча убакытка чейин созулары белгисиз. Акыркы жумада күйүүчү майдын баасы 1 сомго кымбаттады. Дүң баалар өссө, бул жактагы баалар да өзгөрөт», — деп белгиледи ал.

Буга чейин Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендиги айтылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз