2026-жылкы ФИФАнын Дүйнөлүк Кубогуна катыша турган 48 команданын баары аныкталды.
А тобу: Мексика, Түштүк Африка, Корея, Чехия;
В тобу: Канада, Босния жана Герцеговина, Катар, Швейцария;
С тобу: Бразилия, Марокко, Гаити, Шотландия;
D тобу: АКШ, Парагвай, Австралия, Түркия;
Е тобу: Германия, Кюрасао, Кот-д’Ивуар, Эквадор;
F тобу: Нидерланды, Япония, Швеция, Тунис;
G тобу: Бельгия, Египет, Иран, Жаңы Зеландия;
H тобу: Испания, Кабо-Верде, Сауд Арабиясы, Уругвай;
I тобу: Франция, Сенегал, Ирак, Норвегия;
J тобу: Аргентина, Алжир, Австрия, Иордания;
K тобу: Португалия, Конго Демократиялык Республикасы, Өзбекстан, Колумбия;
L тобу: Англия, Хорватия, Гана, Панама.
Аргентина учурдагы дүйнө чемпиону. Ар бир топтон алдыңкы эки команда жана үчүнчү орунду ээлеген сегиз мыкты команда 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубоктун плей-оффуна чыгат.
Дүйнөлүк Кубоктун ачылыш беттешинде Мексика менен Түштүк Африка беттешет. Оюн 11-июнда Мехико шаарындагы «Эстадио Ацтека» стадионунда өтөт.
