Среда, 4 ноября

Улуттук банк валюта рыногуна 214,5 млн доллар сатты

0

Улуттук банк валюта рыногуна интервенция менен чыгып, 214,5 млн доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен 16,5 млн доллар, ал эми бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү эсептешүү менен дагы 198 млн доллар сатылды.

Белгиленгендей, жыл башынан бери Улуттук банк 13 жолу интервенция жасап, жалпы 2 млрд 293,6 млн доллар сатты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз