Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШнын президенти Дональд Трамптын НАТОдон чыгууну олуттуу карап жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө баа берип жатып, Европа менен тыгыз мамиле коргонуу, коопсуздук жана экономикалык келечек үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.
Даунинг-стрит, 10 дарегинде өткөн басма сөз жыйынында Стармер АКШ менен Израилдин Иранга кол салууларынан башталып, Ормуз кысыгын жабуу менен улантылган процесстин кесепеттерине баа берди.
«Бул биздин согуш эмес, биз бул чыр-чатакка тартылбайбыз, бул биздин улуттук кызыкчылыгыбызга туура келбейт», — деп Стармер мурунку билдирүүсүн кайталады.
Стармер өлкөдөгү өсүп жаткан кымбатчылыкты төмөндөтүүнүн эң натыйжалуу жолу Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатуу жана Ормуз кысыгын ачуу экенин баса белгиледи.
