4-5-апрелде Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры “Акыркы коңгуроо” социалдык драмасын тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Анда белгиленгендей, аталган спектакль – мугалим менен окуучунун ортосундагы татаал, бирок абдан маанилүү мамилени терең жана таасирдүү чагылдырып берет. Анда мектеп жөн гана билим берүүчү жай эмес, адам тагдыры чечилген, үмүт менен кайгы, ишеним менен шек, адилеттүүлүк менен кайдыгерлик кагылышкан өзүнчө дүйнө катары сүрөттөлөт.
Башталышы сааты 18:30.
