Вторник, 21 апреля

Нурбек Изабеков Азиянын эң мыкты машыктыруусу деп табылды

0

Нурбек Изабеков Азиядагы эң мыкты машыктыруучу аталды. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.

“Күн мурун Азия өлкөлөрүнүн Башкы ассамблеясы өтүп, ага 28 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Иш-чара учурунда Изабеков 2025-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу катары тандалды”,-деди Толтоев.

Белгилей кетсек, Нурбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз