Вторник, 21 апреля

Ошто “снос” уланууда

0

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда белгилегендей, мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде шаар аймагында уруксат берүүчү документтери жок же курулуш талаптарына жооп бербеген объекттер аныкталып, аларды бузулууда.

Учурда Курманжан датка көчөсүндө мыйзамсыз курулган бизнес объекттер демонтаждалып жатат. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштар тиешелүү кызматтар тарабынан толугу менен баштапкы абалына келтирилди.

Аталган иштер шаардык инфраструктураны тартипке келтирүү, мыйзам талаптарын камсыз кылуу жана жол куруу иштерине келтирилген тоскоолдуктарды жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз