АКШ жана Европанын алты өлкөсү Орусияны Грузиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышты. Тиешелүү билдирүүнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 8-августта таратты.
Орус-грузин согушунун 11 жылдыгына карата жарыяланган билдирүүдө АКШнын, Белгиянын, Эстониянын, Франциянын, Германиянын, Польшанын жана Британиянын БУУдагы элчилери Грузиянын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын белгилешкен.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Орусияны Грузиянын эки аймагынын «өз алдынчалыгын» тааныган чечимин жокко чыгарууга үндөдү.
2008-жылдын 8-августунда башталып, беш күн күнгө созулган орус-грузин согушунда 412 грузин жараны мерт болгон. Орусия 67 аскер кызматкеринен айрылган. Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны «эгемен мамлекет» деп тааныган.
11 жыл мурдагы согуштан бери Орусия бул эки аймактан аскердик күчтөрүн чыгарып кете элек.