Понедельник, 25 ноября

Орусия ѳлкѳ башчысы жыйырма жылдан бери бийликте

0

1999- жылдын 9-августунда Путин Россия Өкмөтүнүн төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ушул күнү телекайрылууда Борис Ельцин аны ордун басычуу экенин жарыялаган. Ал эми 2000-жылдын март айында, Путин президент болуп шайланган. 

Путин экинчи чечен согушунун толкуну менен келген. Анда ваххабиттер  Хаттаб жана Басабдын буйругу менен Дагестанды массалык түрдѳ басып кирген. Согушкерлердин каршылыгына туруштук берген менен чыныгы согуш алдыда эле.  

Путин биринчи мандаты  Кавказдагы жарылуучу абалы, мындан тышкары, ал көп окуялардан улам — «Курск», Бесландагы террордук чабуул андан соң Дубровкада, улуттук масштабдагы  кѳп кыйынчылыктардан кийин ээ болду.

Ошону менен бир катар Путин саясий согушта да  күрѳшүп жатты. Ал ѳзүнүн опоненттерине олутту түрдѳ, дароо ѳлкѳдѳ бир эле кожоюн болорун билдирди.Кимдин бирѳѳ качып кутулса, кээ бири Михаил Ходорковский болуп темир артында калды.

2000-жылдардын ортосундагы Орусиядагы экономикалык ѳсүш. Мунай жана газ экспортунан түшкөн кирешеден ѳстү. Бирок, өлкөнүн ийгилиги менен бир нукта лидерлик таажы кийген ар дайым Путиндин аты менен байланышта болгон. Ошону менен бирге, ѳлкѳнүн баардык ийгиликтери Путин менен байланышкан. Ал тууралуу жеңилбеген лидер картинасы пайда болгон.

Азыр анын рейтинги мурдакыдай эмес. Жыйырма жыл аралыгында Путин дүркүрѳгѳн үн болсо, азыр эл башка үндү издеп жатышат. Бул жаңы үн пайда болсо, Путиндин рейтинги тѳмѳндѳйт.

Азыркы президент Путиндин мандаты 2024-жылы аяктайт. Анда ал 70 жашка чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз