Воскресенье, 19 апреля

Минкаб жетекчиси эми кимдердин айлыгы көтөрүлөөрүн айтты

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл эмгек акыларды жогорулатуу процесси башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда айлыктарды жогорулатуу социалдык тармактын кызматкерлерин камтыды, ал эми күзүндө калган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйтүлөт. Айыл чарба министрлигиндеги кызматкерлердин эң көп бөлүгүн Суу ресурстары кызматынын адистери түзөт.

«Бул жылы сиздердин да маянаңыздар жогорулайт. 1-апрелден тарта техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 5 миң сом өлчөмүндө ай сайын берилүүчү кошумча төлөм белгиленди. Ал эми 1-сентябрдан тарта негизги кызматкерлердин эмгек акысы 15 миң сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, иштин татаалдыгы үчүн берилүүчү үстөк акы 25%дан 50%га чейин өсөт», — деп билдирди Касымалиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз