Воскресенье, 19 апреля

Азия чемпионаты. Мээрим Жуманазарова алтын утту

0

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортчусун уткан.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон чечүүчү финалдык беттеште япониялык балбан, Азия жана дүйнө чемпиону Мива Морикаваны 2:1 эсебинде утуп алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз