Суббота, 18 апреля

Ормуз кысыгына кирген кемелерди торойбуз — Трамп

0

Трамп социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүү жасады. Ал сүйлөшүүлөр эртең менен башталып, түнү бою болжол менен 20 саатка созулганын айтты.

Трамп Иран өзүнүн ядролук амбицияларынан баш тартууну каалабай жатканын айтып: «АКШнын деңиз флоту Ормуз кысыгына кирүүгө же чыгууга аракет кылган бардык кемелерди тороо процессин дароо баштайт», — деп билдирди.

Трамп Иран Ормуз кысыгын ачууга убада бергенин, бирок атайылап аны аткарбайганын, мунун көптөгөн адамдар жана өлкөлөр үчүн кыйынчылыктарды жаратканын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз