Анталия дипломатия форуму (ADF2026) быйыл Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колдоосу астында жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан өткөрүлөт.
Биринчиси 2021-жылы өткөрүлгөн быйылкы Анталия дипломатия форумунун темасы «Эртеңки күндү пландаштыруу аркылуу белгисиздиктер менен күрөшүү» деп аталмакчы.
Форумга 150дөн ашык өлкөдөн 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, болжол менен 15 вице-президент, 50дөн ашык министр (алардын 40тан ашыгы тышкы иштер министрлери) жана эл аралык уюмдардан 75 өкүл, ошондой эле окумуштуулар жана студенттерди кошкондо дээрлик 5000 конок катышат деп күтүлүүдө.
Мамлекет башчыларынын болжол менен жарымы Африка жана Европадан, ал эми тышкы иштер министрлеринин 40% Африкадан, 35% Европадан жана 22% Азиядан болот деп күтүлүүдө.
ADF2026 алкагында лидерлердин панелдерин кошо алганда, 40тан ашык иш-чара жана сессияларды өткөрүү пландаштырылууда.
Сессияларда глобалдык системадагы белгисиздиктердин жана трансформация процесстеринин тереңдеши, ошондой эле аймактык өнүгүүлөр сыяктуу кеңири маселелер каралат. Саясий, экономикалык, экологиялык жана технологиялык багыттар менен калыптанган күн тартибинин негизги пункттары да талкуулардын чордонунда болот.
ADF2026дагы иш-чараларды форумдун расмий веб-сайтында жана социалдык медиа аккаунттарында бир эле учурда көрүүгө болот, ал эми сессиялардын олуттуу бөлүгү TRT (Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясы) аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
