Суббота, 18 апреля

Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ошко барды

0

Бүгүн Ош шаарына дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, космонавтты мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты.

Иш-чарада Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

«12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз