Воскресенье, 19 апреля

Бишкек мэриясы “Манас” университетинен өтчү жолду кура баштайт

0

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жолду куруу иштери жакында башталат. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев салына турган жолду жеринен көрүү учурунда билдирди. Видеону мэрдин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

Мэрдин айтымында, жол салуу иштери жакынкы убакта башталат. Ошондой эле шаар башчысы аталган жол ачылса, унаа тыгындары толук чечилип кетпесин, бирок бул аймакта жол инфраструктурасын түзүү туура иш экенин белгиледи. Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев көчөсү да кошуларын айтты.

Рамиз Алиев белгилегендей, окуу жайдын аймагы аркылуу өтчү жол мурда бар болчу. Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Тыналиев көчөсүн бириктире турган Миңжылкыев көчөсүнүн курулуш иштеринин пландалып жатканы коомчулукта кызуу талкууланып, түрдүү пикирлер айтылууда.

Мэрия Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин созулуп, жалпы узундугу 1,3 чакырымды түзөрүн жана 2 тилкелүү жол салынарын маалымдаган болчу.

Ошондой эле Миңжылкыев көчөсүн курууда жол окуу имараттарына жакын жайгашкандыктан, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылары айтылган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз