Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кадрдык өзгөрүү болуп, жаңы министрдин орун басары жамаатка тааныштырылды.
Ведомстводон билдиришкендей, жаңы орун басарды жамаатка президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова тааныштырды.
Белгиленгендей, дайындоо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык жүргүзүлгөн.
«Аида Исатбек кызы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Аида Исатбек кызы бул кызматта буга чейин иштеп келген Айнура Орозбаеванын ордуна келди.
