Четверг, 23 апреля

Жапаров Астанадагы Регионалдык экологиялык саммитте сөз сүйлөдү

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктардын өлкөлөрдүн жана элдердин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна тийгизген таасири күчөп жаткан шартта, бул саммитти өткөрүү демилгесинин өз убагында жана актуалдуу болгонун баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө: “Кыргызстанга дүйнөлүк парник газдарынын чыгындыларынын болгону 0,03% гана туура келет. Бирок биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат”, — деп белгиледи.
Мисал катары төмөнкү фактылар келтирилди: 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт; Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды; болжолдоолорго ылайык, 2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн; Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү; көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды; мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү.

Белгиленгендей, климаттын өзгөрүшү региондо жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү.

Президент Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин кошумчалады.

“Ошону менен бирге биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет.
Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасына энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз.
Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстан суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады.

“Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 млн АКШ долларына жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт.

Бирок, бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактоону, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууну, гидротехникалык курулуштарды сактоону жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келерин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз