Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттинде экология тармагындагы аймактык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган демилгелерди көтөрдү, — деп жазды Kazinform.
Алсак, ал өлкөлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн Борбор Азиянын Кызыл китебин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.
«Бул иштин координатору Ташкенттеги жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун аймактык кеңсеси болушу мүмкүн. Региондун Кызыл китеби жөн гана жок болуп бара жаткан түрлөрдүн тизмеси эмес, бул тармактагы биздин биргелешкен ишибиздин натыйжалуу платформасына айланышы керек», — деп белгиледи Шавкат Мирзиёев.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти «Жашыл университеттин» алдында иштеп жаткан өлкөнүн чөлгө айлануу менен күрөшүү, кургакчылыктын алдын алуу, кум жана чаң бороондорунун алдын алуу борборуна аймактык статус берүүнү сунуштады. Анын айтымында, борбордун базасында илимий потенциалды бириктирүү жерлердин деградациясына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Аймакта технологиялык өтүүнү тездетүү үчүн Мирзиёев Борбор Азиянын «жашыл соода коридорун» түзүү демилгесин көтөрдү.
«Жеңилдетилген бажы режимдерин киргизүү жана товарларга берилген сертификаттарды өз ара таануу өндүрүштү тезирээк модернизациялоого жана продукцияларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт», — деди ал.
