Четверг, 23 апреля

ЖКнын төрагасы Палестинанын элчисин кабыл алды

0

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Уайлл Ахмед Батрехини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларга тиешелүү маселелер талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы пикирлер айтылды.

Төрага Кыргызстан Палестинадагы коогалуу окуяларга, анын ичинен Газа тилкесиндеги жагдайга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи.

Муну менен катар Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа секторундагы аскердик аракеттерди мүмкүн болушунча тез жана толук токтотууга, гуманитардык кризисти жөнгө салууга жана «эки элге — эки мамлекет» принцибинин негизинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдой тургандыгын кошумчалады.

Андан сырткары, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү менен кызматташтыкты жигердүү улантуу керектигин айткан төрага парламенттер аралык байланыштарды орнотуу зарылчылыгына да токтолду.

Өз кезегинде Уайлл Ахмед Батрехи Палестинаны эл аралык деңгээлде колдоп, кубаттап келе жаткан Кыргызстандын жетекчилигине жана жалпы элине ыраазычылык айтты.

«Эки мамлекетти орток руханий баалуулуктар жана өз ара ишенимге негизделген алакалар бириктирип турат. Андыктан элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам», – деди ал.

Ошону менен бирге элчи өз өлкөсүндөгү соңку кырдаал боюнча кеңири маалымат берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз