Среда, 29 апреля

Түндө Баткенде жер титиреди

0

Бүгүн саат 02:30да Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Баткенден түштүк-чыгышка карай 62 чакырым, Коргон айылынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым аралыкта жайгашкан.

Коргон айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз