Ѳткѳн жылы маалыматка ылайык, Ирандын бир эле провинциясында жашы 15ке жетпеген 40тан ашык өспүрүм кыз көз жарган. Иран Ислам Республикасынын мыйзамдары жашы жете электердин турмуш куруусуна уруксат берет.
Ал эми Ирандын Хамадан провинциясында расмий маалымат боюнча көз жарган аялдардын 2% жашы 15ке жете электер түзөт. Иран аялдардын укуктары басмырланган өлкө катары таанылган. Аймактын жарандык актыларды каттоо кызматынын маалыматы боюнча былтыр жашы жете элек 16 миңге жакын кыз турмушка чыккан.
Тегеран 1992-жылы Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга кол койгону менен, Иранда жашы жете элек кыздардын турмушка чыгышы кадыресе көрүнүш. Ирандын мыйзамдары эркектерге 15 жашында, кыздарга ата-энесинин макулдугу жана соттун чечими менен 13 жашында күйөөгө чыгууга уруксат берет.
Адистердин айтымында, жакырчылыкка белчесинен баткан үй-бүлөлөр кыздарын күйөөгө берип, аны багуудан кутулгусу келет. Бирок ошол эле учурда эрте никеге туруу орто жашаган үй-бүлөлөрдө да кезигет. Анткени ирандык үй-бүлөлөр кыздары күйөөгө тийбей калат деп чочулашат. Диний ишеним менен салттардан улам да ушундай түшүнүк калыптанып калган.
Рамий маалыматка ылайык, былтыр Иранда жашы жете электер арасында 36 миң нике катталган. Бирок бул ачык маалымат берген провинциялардын гана статистикасы. Маселен, Занжондо 1400дөн, Түндүк Хорасан провинциясында 1000ден ашык кыз жашы жете электе эле үй-бүлөлүк турмушка аттанган.
Укук коргоочулардын айтымында, эрте турмушка чыккан кыздардын көбү зордук-зомбулукка дуушар болуп, аргасыздан үй-бүлө күтүүгө мажбур. Буга былтыр кызуу талкууга түшкөн 11 жаштагы Рахинин окуясы мисал. Анда 50 жаштагы аялы, жети баласы бар адам өспүрүм кызга нике кыюу үчүн анын ата-энесине 1500 доллар берген.
Кийинки жылдары ирандык кыз-келиндер өз укуктарын коргоп нааразылык акцияларына чыга башташты. Айрым аялдар камалып, камакка алынды.
Өлкөнүн адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд жүргүзүп турат. Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин аялдар шариятка ылайык кийинип, өзүн алып жүрүшү зарыл.
Кыргызстанда да ушундай маселе бар. Өлкөдө өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Кыргызстанда, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарган.