КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 12-августта болжол менен саат 23:14тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 5,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында -5 балл, Салам-Алик айылында-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.