Вторник, 26 мая

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы дагеле жогору

0

113,81 доллар чейин көтөрүлгөн Brent маркасындагы мунайдын баррель баасы кайра 110,44 доллар болду.

Баалардын жогорулашына АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана дүйнөлүк мунай рыногундагы таңкысты себеп болууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШнын тынчсыздануусун жок кыла турган келишим кабыл алынганга чейин бул өлкөгө карата деңиз блокадасын улантарын белгиледи.

Иран портторуна карата деңиз блокадасы улана берерин айткан Трамп: «Ирандыктар келишим түзүүнү каалап жатат. Алар мен блокаданы токтотушумду каалашат. Бирок мен аны каалабайм, анткени алардын өзөктүк куралга ээ болушун калабайм», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз