Четверг, 21 мая

Жакында Бишкек-Балыкчы поезди каттай баштайт

0

5-июндан тарта Бишкек-2 – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Каттамдын графиги:

5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын.
Белгиленгендей, поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз