Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордо президенттик сарайында Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жогорку сот органдарынын жетекчилерин кабыл алды. Жолугушууга Түркиянын Жогорку сотунун төрагасы Өмер Керкез жана Мамлекеттик кеңештин төрагасы Зеки Йигит, ошондой эле Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Кыргызстан Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жана Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Алишер Усманов катышты.
ТМУнун Жогорку сотторунун 2-конференциясынын алкагында өткөн кабыл алууда Токаев ТМУнун түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи. Ал мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы, айрыкча сот жана укук коргоо тармактарындагы кызматташтык туруктуу түрдө бекемделип жатканын жана Түркстанда өтө турган конференция мунун ачык мисалы экенин белгиледи.
Токаев сот системасы өлкөлөрдүн илгерилеши жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин жана жогорку соттордун ортосундагы мамилелерди тереңдетүү бир тууган элдердин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаарын билдирди. Санариптик трансформация процессине да көңүл бурган Токаев өлкөлөрдүн бул жаатта биргелешип иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.
