Четверг, 25 июня

Кыргызстан менен Пакистан жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт

0

Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Пакистан Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштардын графиги, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүнүн негизги аспектилери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктери тастыкталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз