Четверг, 25 июня

Жапаров Албаниянын президентин Ысык-Көлгө алып барды

0

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.

Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.

Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тукумдагы тайгандардын жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз