Түркия, Египет, Индонезия, Иордания, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) тышкы иштер министрлери Батыш Жээктеги палестиналыктардын жерлерин басып алган израилдиктердин палестиналыктарга кол салуулары боюнча биргелешкен жазуу жүзүндөгү билдирүү жасашты.
Билдирүүгө ылайык, тышкы иштер министрлери «басып алынган Батыш Жээктеги палестиналыктарга каршы уланып жаткан жана күчөп бараткан отурукташкандардын зомбулугун», анын ичинде Рамалланын түндүгүндөгү Жилчилья айылындагы Улуу мечитке жана Мезра ан-Нубани айылындагы Аль-Фарук мечитине жакында жасалган кол салууларды кескин айыпташты.
Министрлер бул кол салуулар сыйынуу жайларынын жана ыйык жерлердин кол тийбестигин, эл аралык укукту, анын ичинде эл аралык гуманитардык укукту жана Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү резолюцияларын ачыктан-ачык бузуу болуп саналаарын баса белгилешти.
