Суббота, 23 ноября

Орусия илимпоздорун чет өлкө менен байланышын чектеди

0

Жакында орусиялык окумуштуулар бийлик алардын чет өлкөлүк кесиптештери менен карым-катышын чектеген жаңы эрежелерди чыгарганын билдиришти.

Мындай эрежелердин көчүрмөсүн питерлик илимпоз, математик Александр Фрадков 13-августта Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигине жолдогон ачык каты менен кошо жарыялаган.

Ага ылайык, орус окумуштуулары чет өлкөлүк илимпоздор менен жалгыз калбашы керек, алардын Орусиядагы келип кетүүлѳрүн өкмөт менен макулдашуу зарыл. Ошондой эле чет жерден келген илимпоздорго Орусиянын аймагында телефон, видеокамера жана турнабай колдонууга тыюу салуу да сунушталып жатат.

Математик Фрадков мындай «акылга сыйбаган» чектөөлөр өлкөнүн кадыр-баркына доо келтирерин, илимий-техникалык өнүгүүгө жолтоо болорун белгилеген.

Бирок Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги жаңы эрежелер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн эмес, сунуш катары гана берилгенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз