Суббота, 23 ноября

К.Асановдун батири тинттилди

0

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун батири тинтилгенин анын жактоочусу Икрамиддин Айткулов билдирди. Тинтүү иштери аскердик прокуратура тарабынан жүргүзүлгѳн.

К.Асановду 14-августта кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Аскердик прокуратурага суракка чакырылган. Жактоочу маалыматты жайылтпоо боюнча катка кол койгонун, ошондуктан сурак тууралуу толук маалымат бере албай турганын айтты.

Милициянын генерал-майору Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулганы 13-августта белгилүү болгон.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылат.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду», — деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү таратып, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин жарыялаган.

Ал эми анын жактоочусу Икрамидин Айткулов ѳлкѳ башчыга жана ѳкмѳт башчысына бул ишти дыкат иликтѳѳнү суранып кайрылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз