Четверг, 25 июня

Депутат сел коркунучу бар жерлерде жашагандарды көчүрүүнү сунуштады

0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош – Алай унаа жолунда катталган каргашалуу окуяга токтолуп, өлкөдө сел коркунучун алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылды.

Эл өкүлү кырсык 6 адамдын өмүрүн алганын өкүнүү менен белгиледи.

«Ош – Алай унаа жолунда каргашалуу окуя болду. Бир унааны сел агызып кетип, анын кесепетинен Алай районунун 6 тургуну каза болду. Набыт болгондордун эң кичүүсү болгону 1 жаштагы наристе экен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаан-чачын жана сел коркунучу тууралуу тынбай эскертүүлөр берилип жатат, бирок ага карабастан ушундай кайгылуу окуялар орун алууда», — деди депутат.
Ал быйыл өлкө аймагында жаан-чачын көп болуп жатканын айтып, президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө сунуш менен кайрылды.

«Урматтуу президенттин өкүлү, ушул маселени ӨКМге жеткирип, калкка тынбай эскертүүлөрдү берүүнү дагы да күчөтүү зарыл. Эң негизгиси, учурда жайлоолордо жана сел жүрүү коркунучу жогору болгон кооптуу аймактарда жайгашкан үйлөрдү азыртадан коопсуз жайларга көчүрүү керек болуп жатат. Эгер алдын ала чара көрбөсөк, кырсык айтып келбейт экен. Мамлекеттик органдар ыкчам аракеттерди көрүшү зарыл», – деп баса белгиледи депутат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз